loader

Контент Жок

Окуучуларды PISA, STEAMге жана турмушка даярдоодо интерактивдүү методдордун артыкчылыгын далилдөө максатында доцент А.Касымов сабак өттү.

№5 А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын доценти Касымов Адылбек агай “Квадраттык теңдемелер турмушта” деген темада Интерактивдик методдорду колдонуу менен 8-класстын окуучуларына сабак өттү.

Аталган мектептин математика мугалимдерин курста окутуп, аларга интерактивдик методдордун математиканы окутууда эффективдүү экендигин практика жүзүндө көрсөтүү максатында мугалимдерди артка отургузуп, окуучуларды топто иштетип, өмүрү сүйлөбөгөн балдарды сүйлөтүп, мугалимдердин жана окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттыра алды дейт угуучулар.

ru_RURussian