loader

Контент Жок

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айыл мектептеринин мугалимдери үчүн семинары “Окутуунун натыйжалуулугун арттыруунун актуалдуу маселелери” темасында болуп өттү.
Республиканын түрдүү региондорунун айыл мектебинин өкүлдөрүнүн катышуусунда, Бишкек шаарында, КР ББИМ алдындагы РПКЖжКДИде, Окутуу жана тарбиялоонун таасирдүү методдорун тандоо жана колдонуунун актуалдуу маселелери боюнча пикирлерди талкуулоо максатында семинар уюштурулду.

Семинарды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мугалимдери төмөнкү программанын негизинде алып барды:
1. “Кыргыз мектеп окуучусунун этномаданий компетенттүүлүгү: көйгөйлөр жана жүзөгө ашыруунун айрым шарттары” Проф. Докт. Акматали Алимбеков
2. “Классты башкаруу” темасында Проф. Докт. Мехмет Ариф Өзербаш. Котормочу: Ага окутуучу Кадиян Бообекова
3. “Билим берүүдөгү аралаш(гибрид) окутуу методдору” темасында
Доц. Докт. Явуз Эржан Гүл
4. “Балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар жана аны алдын алуу жолдору” темасын
Ага окутуучу Кадиян Бообекова өтүп, акырында жалпы пикир алышуу менен жыйынтыкталды.

ru_RURussian