loader

Контент Жок

РПККЖ жана КД иниститунун окутуучулук жамаатына ППСГББ кафедрасынын ага окутуучусу Доталиев Асылбек Көбөгөнович окутуу жана билим берүү процессин өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан Lesson Study (сабакты изилдөө) методологиясы боюнча семинар-трениг өттү.  Япониядагы эң артыкчылыктуу методология Lesson Study (сабакты изилдөө) япон окуучуларынын дүйнөлүк билим боюнча атандашууда алдыңкы орунга чыгарууда. Мындай алгылыктуу методологияны Кыргызстандын педагогдору да тааныш болуп өз практикаларында колдонуусу керек. Lesson Study- окутуу практикасы жаатындагы билимди өркүндөтүүгө багытталган, сабактагы иш-аракеттеги изилдөөнүн өзгөчө формасын мүнөздөгөн педагогикалык мамиле. Lesson Study методолгогиясында мугалимдердин тобу катышат, алар биргелешип сабакты пландаштыруу, пландалган сабактын жүрүшүн байкоо, окутуу жана билим алууну анализдөө, өздөрүнүн жыйынтыктарын документтеширүү иш аракеттерин ишке ашырышат. Кваливикациясын жогорлатууга келген мугалимдерге Lesson Study методолгиясын тааныштыруу менен аларды биргелешип иштөө, окутуу процесинде окуучулардын жетишкендиктерин байкоого алуу менен өз чеберчиликтерин жогорлатууга зор мүмкүнчүлүк болорун далилдеп берүү максаттары азыркы күндө актуалдуу экендиги баяндоо сунушталды.

ru_RURussian