loader

Контент Жок

2023-жылдын 24-ноябрынан Климаттын өзгөрүүсү, жашыл экономика жана ТӨБ маселелерин окуу процессине интеграциялоо: Натыйжалар. Чакырыктар.Ийгилике карай жол” аталышындагы Республикалык конференция өтүүдө.

Конференцияны ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматашуусунун жана Озон борборунун активдүү катышуусунун алкагында уюштурулду.

Конференциянын максаттары:

-Мугалимдер, лекторлор жана башка кызыкдар тараптар үчүн атайын аянтча түзүү жана анын ичинде мамлекеттик органдарды тийиштуу талкуулоого тартуу, интеграциялоодогу ийгиликтүү тажрыйбаларды жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү бардык деңгээлдердеги билим берүү системасына экологиялык көйгөйлөр жана ТӨБ

-Кыйынчылыктарды жана ийгиликке жетүү жолдорун талкуулоо, өлкөнүн отчетун даярдоо.

Институттун Инновациялык технологиялар жана тил борборунун директору Артыкбаева Гулмира Эрматовна, “КР жогорку окуу жайларын жана мектептердин мисалында интеграциялоо жана тажрийбалар”, темасында доклад окуду. Докладта Дуйнолук тенденциялар, чакырыктар жана РИПКнын жаныланган программалы менен тааныштырды. Анда 72 саатык 3 программа боюнча кенен белгиленип, мазмуну жана аткарылып жаткан иштер боюнча толук маалымат берилди.

Билим берүү министирлигин буйругунун негизинде конкурс өткөрүлгөн. Конкурска 72 келип түшкөн арыздын негизинде талапка жооп берген 4 мектеп тандалып алынган. Конференциянын жүрүшүндө тандалып алынган мектептердин алкагында ар бир мектептин өкүлдөрү ийгиликтүү аткарылып жаткан иштери менен кенен маалымат беришти. Ар бир мектептин белгилеген иш жыйынтыктарына таянып, бул долбоордун жыйынтыгы ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы белгилей кетсек болот.

ru_RURussian