loader

Бүгүн, 16-мартта, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Түрк манас университети менен биргеликте “Жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлерин окутуу боюнча интенсивдүү тренинг” өткөрдү

Аталган иш чарада “Кантип PR текст жазса болот? Кабар жазуудагы жаңы техникалар жана тренддер. ЖОЖдор үчүн PR стратегия. СТОП эфир! Эфирде кандай алып жүрүү керек?…” – деген темалардын алкагында теориялык жана практикалык сабак болду.

Тренинг КР Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын сөзү менен башталды жана Республикадагы бардык ЖОЖдордун басма сөз кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан басма сөз кызматкерлери Нийматалиева Айнура жана Аматова Мээрим катышышты.
Түшкү тыныгууда “Манас” ТРКсы менен жеринен таанышып чыктык. Аягында ар бир катышуучуга сертификат берилди.

ru_RURussian