loader

2022 жылдын 23 ноябрында Кыргыз –Түрк “МАНАС” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы профессор Акматали Алимбеков “МАНАС” университети айыл мугалимдеринин арасында долбоорунун алкагында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун угуучуларына  “Кыргыз мектептеринде окуучуларды тарбиялоонун негизги ориентирлери” –деген темада семинар өттү.

А.Алимбеков  азыркы адамзат туш болгон планетардык масштабдагы бардык көйгөйлөрдүн эӊ коркунучтуусу бул руханий –адептик антропологиялык б.а.. “…адамдагы адамдыктын урап   жок болуу катастрофасы” экендигин баса белгиледи.

Кыргызстандагы мектеп окуучуларын тарбиялоо тармагындагы кризистердин негизги обьективдүү себептерин белгилеп андан чыгуунун жолдору тууралуу багыттарды белгиледи.
Лектор   бүгүнкү окуучу жаштарды тарбиялоонун мазмуну  элдин маданиятынынын өзөк тамырын, ядросун тузгон символдор, ишенимдер, баалуулуктар жана журум турум образдарынын тутумуна негизделишине басым жасады.
Семинарда мугалимдер өздөрүнүн тарбиялык ишинде кыргыз баласын кыргыздардын салттык маданиятына таандык баалууктарга ээ кылууну эмнеге багыттап долбоорлоо керектиги  тууралуу илимий-практикалык маалыматтарды угушту. Семинар  суроо жооп, пикир алушуу менен аяктады

ru_RURussian