loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун 80 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 3-майында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу – таалим-тарбияда» аттуу симпозиум өткөрүлөт.

Илимий-практикалык симпозиумга өлкөбүздүн жана чет мамлекеттердин билим берүү тармагынын өкүлдөрү: педагогдор, мугалимдер, башкаруучулар, илимпоздор, усулчулар, тийиштүү мамлекеттик кызматчылар, коомдук ишмерлер ж.б. катышат.

ӨТКӨРҮҮ КҮНҮ: 2025-жыл, 3-май.

ӨТКӨРҮҮ ДАРЕГИ: Бишкек шаары, Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун имараты, Ахунбаева көчөсү, 121.

 

СИМПОЗИУМДУН МАКСАТЫ – ааламдашуу жана санариптешүү доорунда баалуулуктарга көңүл буруу менен, билим берүүнүн жана тарбиялоонун өзөгүн жаңылоо, алдыдагы багыттарды аныктап, өнүгүү стратегияларын талкуулоо жана бул багытта республикадагы педагогикалык кызматкерлердин иш тажрыйбасын жайылтуу.

Улуттук дем – бул элдин тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарын сактоо менен дүйнөлүк өнүгүүгө умтулуу. Дүйнөлүк бийиктикке жетүү үчүн заманбап билимди, инновацииларды жана технологияларды өздөштүрүү маанилүү.

Улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктикти айкалыштырган инсан – келечектин лидери!

 

СИМПОЗИУМДА КАРАЛЧУ МАСЕЛЕЛЕР:

  1. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу, баалуулуктар жана өзүн таануу;
  2. Үй-бүлө – тарбиянын башаты жана өзөгү, ата-энелер жана коомчулук менен жигердүү кызматташуу;
  3. Педагогикалык кызматкерлердин инсандык-кесиптик үзгүлтүксүз өсүүсү жана алдыңкы тажрыйбалар;
  4. Билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү жана компетенттүүлүктөр: XXI кылымдын көндүмдөрү, функционалдык сабаттуулук жана STEAM билим берүү;
  5. Заманбап билим берүү технологиялары жана окуу процессин санариптештирүү.

 

СИМПОЗИУМДУН ИШИНИН ЖҮРҮШҮ:

  1. Конференциянын ачылышы;
  2. Пленардык отурум;
  3. Секциялык жыйындар, мастер-класстар;
  4. Жыйынтыктоо, сертификаттарды жана сыйлыктарды тапшыруу аземи.

 

МЫКТЫ БАЯНДАМАЛАРГА ТӨМӨНКҮ СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛАТ:

  1. КР Билим берүү жана илим министрлигинин алкыш баракчалары;
  2. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Ардак грамоталары жана алкыш баракчалары;
  3. Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун Ардак грамоталары жана алкыш баракчалары.

 

ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Жарыялоо үчүн 11 бетке чейинки көлөмдөгү жеке автор же автордук жамаат тарабынан жазылган илимий макалалар кабыл алынат. Текст дыкат текшерилип, редакцияланышы зарыл (макаланын мазмунуна, сапатына автор/лор жооптуу).

  1. Макалалар Microsoft Word тексттик редакторунда аткарылуусу зарыл.
  2. Түйүндүү сөздөр 7-10 түшүнүк, аннотация 6-8 сап.
  3. Тили – кыргыз, орус, англис тилдеринде.
  4. Барактын өлчөмү – А4, барактын багыт алуусу – «китептик».
  5. Барактын жээктери – бардык тарабынан 2 см.
  6. Шрифти – «Times New Roman», өлчөмү – 14 (аннотация жана түйүндүү сөздөр үчүн өлчөмү – 12, интервалы бирдик).
  7. Макаланын биринчи абзацы: ортодо – автор(лор)дун Ф.А.А.
  8. Макаланын экинчи абзацы: ортодо – макаланын толук аталышы (баш тамгалар менен).
  9. Макаланын үчүнчү абзацы: оңдо – автор/лор иштеген уюмдун аталышы жана жайгашкан жери берилет.
  10. Уюмдун аталышынан, жайгашкан жерден 1 интервалдан соң аннотация, андан ары түйүндүү сөздөр, алардан 1 интервалдан соӊ – макаланын тексти берилет.

Сүрөттөрдүн аталышы жана номери сүрөттөрдүн алды жагында, жадыбалдардын аталышы жана номери үстү жагында көрсөтүлөт. Сүрөттөр менен жадыбалдардын аталыштары «Times New Roman» шрифти менен таризделет, өлчөмү – 12. Жадыбалдарда да «Times New Roman» шрифтин колдонуу керек, өлчөмү – 12, сап аралык интервал – бирдик. Адабияттарга шилтемелерди, адабияттардын тизмесин берүүдө “Эл агартуу” журналынын талаптары сакталат: http://elagartuu.site.kg сайты, авторлор деген жеринде.

 

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:

Макалалар кыргыз, орус, англис тилдеринде 2025-жылдын 4-апрелине чейин 312.shls@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлөт. Кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып, эки жуманын ичинде комиссия мүчөлөрү карап, жыйынтыктар чыгарылат. Комиссиянын кароосунан өтүп, симпозиумга катышууга жолдомо алган макалалардын автор/лору 2500 сом өлчөмүндө уюштуруучулук мүчө акыны төлөшөт. Акча төлөнө турган реквизит тууралуу уюштуруучу топ кошумча маалымат берет.

Баяндамалар плагиатка каршы текшерүүдөн өткөрүлүп, “Эл агартуу” журналына (РИНЦке катталган) жарыяланып, таркатма материалдар менен бирге акысыз берилет.

 

КАТЫШУУЧУНУН КАТТАЛУУ КАРТАСЫ:

Катышуучунун катталуу картасы толтурулуп, макаланын электрондук түрү жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт. Макала өткөндүгү маалымдалгандан кийин уюштуруучулук мүчө акынын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү жөнөтүлөт.

Катышуучунун катталуу картасы
Автор(лор)дун Ф.А.А. (толугу менен)
Макаланын аталышы
Секциянын номери жана аталышы
Уюлдук телефону, e-mаil дареги
Иштеген жери, кызматы  
Окумуштуулук даражасы, наамы  

 

УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНИН ДАРЕКТЕРИ:

Бардык суроолор боюнча төмөнкү электрондук даректерге жана телефон номурларга кайрылсаӊыздар болот: Уюштуруу тобу:

Шаршембаева Лира, 0707 009131; Урматбек к. Рахат, 0704 110128; Сатиндиева Айнура, 0709 700624.

E-mail: 312.shls@gmail.com

kir
kir