Кемин районунун Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде “Манастаануу” курсу боюнча (09.12 – 20.12.2024) план-графикке ылайыктуу көчмө курсу п.и.к., доцент Т.А.Асанакунов тарабынан өткөрүлүүдө.
Бул курстун негизги максаты-мугалимдерди кыргыз көчмөн цивилизациясынын керемет кенчи, “кыргыз рухунун туу чокусу” ( Ч. Айтматов), элдик оозеки көркөм сөз өнөрүнүн эң бийик үлгүсү, дүйнөлүк адабияттын улуу классикасы, жер жүзүндөгү элдердин эпосторуна салыштырмалуу теңдешсиз монументалдуу океандай “Манас” эпосунун, анын эл оозунан жыйналуу, китеп болуп басылып чыгуу, изилденүү тарыхы, негизги сюжети менен таанышышат. Жаштарга эпостун руханий-патриоттук, адептик-ыймандык мазмунун ачып берүү, эпостун тил байлыгын үйрөтүү, манасчылардын дүйнөсүнө алып кирүү, аларда тарыхый эстутумду, улуттун улуу маданий мурастары менен сыймыктануу сезимин, мекнчилдикти калыптандыруу жана Манастаануунун илим катары түптөлүшү, калыптанышы, өнүгүшү менен таанышышат.