2024 – жылдын 03-декабрында Филологиялык билим берүү кафедрасы тарабынан п.и.к., доцент Асанакунов Такабай Абдыбековичтин жетекчилигинде 6-агымдын угуучулары менен бирдикте “Манас” эпосу – карт тарыхка саймаланып калган кыргыз өмүрү” аттуу темада 4-декабрь Манас күнүнө карата иш-чара жогорку дэңгээлде өткөрүлдү.
Бул кечеде кыргыз элинин басып өткөргөн чалкыган турмушун, кылымдар бою калыптанган акыл-ой байлыгын, дүйнө таанымын чагылдырган ыр океаны, кыргыз улутунун туу туткан сыймыгы. О.э. «Манас» эпосу – чексиз кайраттуулукту, атуулдук ар-намысты, Ата-Журтту терең сүйүүнү даңктаган рухий ырыскы, дүйнөлүк маданияттын казынасына кошулган эбегейсиз салым, элдин улуулугунан кабар берген тендешсиз тарыхый мурас экендиги туралуу ой-пикирлер, ырлар жана окуучулар тарабынан “Манас” эпосу кыргыз, англис тилдеринде аткарылды. Кеченин максаттарынын бири-Ата-бабалардын миңдеген жылдар бою кашыктап жыйнаган бул акыл казынасын, нарк-насилин, сөз өнөрүн жаштардын аң-сезимине сиңирүү – мезгил талабы экендигинде.