loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

 

2024-жылдын 21-22-ноябрь айында А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан , Кыргыз –Түрк «Манас»  университетинин  колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун  түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган   II ЭЛ АРАЛЫК “МАНАС” ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР КОНГРЕССИ болду. Конгресстин максаты: Түрк дүйнѳсүнүн анын ичинде Кыргызстандын билим берүү чѳйрѳсүндѳгү илимий изилдѳѳлѳр, практикалык тажрыйбалар, маселелерди ортого коюу, талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу. Конгресске илимий кызматкерлер, жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери, аспиранттар, докторанттар, магистранттар катышты.Конгресске РПККЖ жана КДИ нун ППСГББ кафедрасынын башчысы,п.и.к Кыдыралиева Айтикан Раимжановна “Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодогу орду”деген темада баяндама жасады.Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирилип,серификатка ээ болду.

kir
kir