loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Бишкек шаарынын Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын Музыкалык жетекчилери үчүн 2024-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынынын Свердлов районуна караштуу №59 «Баластан» МЧББУда, «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында музыкалык майрамдарды уюштуруу маселелери» деген аталышта, пратикалык-семинар болду.

Бул практикалык-семинарда КРнын ББжИМнин алдындагы Рспубликалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Институтунун «Информатика, технология жана искусство» кафедрасынын башчысы, КРнын «2024-жылдын – Мыкты музыкалык жетекчиси» сынагынын 1-орунун ээси – Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич катышып, «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында музыкалык майрамдарды уюштурууда музыкалык-компьютердик технологиянын орду»  деген аталышта катышуучуларга кеңири маалымат берди. Ошондой эле семинарга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин МЧББУнын башкы адиси Майтикова Чынара Намарбековна, КРнын МЧББУнун белгилүү психолог-усулчусу – Далетбаева Бурул Сыдыковна, Бишкек шаарынынын Свердлов районуна караштуу №59 «Баластан» МЧББУнун директорунун м.а. Темирова Чынара Абалкановна катышышты. Практикалык-семинар абдан чоң талкуу менен өтүп, Бишкек шаарынын бардык райондорунан 80ден ашык Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын Музыкалык жетекчилери катышышты.

kir
kir