loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Эл аралык илимий-практикалык конференция жана тажрыйба алмашуу

Азербайджан Республикасынын борбору – Баку шаарында 2024-жылдын 26-октябрынан 1-ноябрына чейин «Бирдиктүү тарбия: баалуулуктар системасы. Өнүгүү. Сапат» аттуу экинчи салттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү жана эл аралык тажрыйба алмашуу программасы ишке ашты.

Эл аралык тажрыйба алмашуу программасы боюнча илимий-практикалык конференциянын катышуучулары төмөнкү билим берүү уюмдарынын ишмердиги менен кеңири таанышып, пикир алмашуулар болду:

  1. Ата-Түрк атындагы Түрк-Азербайжан лицейи;
  2. Эл аралык Kaspy лицейи;
  3. Hedef Steam лицейи.

Ата-Түрк атындагы Түрк-Азербайжан лицейинде анын окуу-тарбия ишмердиги менен таанышуу менен катар лицейдеги Түрк мамлекетинин 101 жылдык мааракесине да катышылып, сөз сүйлөндү.

Эл аралык Kaspy лицейинде окуу-тарбия процесси менен кеңири таанышып, ачык сабактарга катышып, талкуулар, пикир алмашуулар ишке ашты.

Hedef Steam лицейинде окуу-тарбия процесси, лабораториялык-практикалык иштер менен таанышып, сабактарга катышып, билим берүүнүн өнүгүү тренддери боюнча талкуулар жүрдү.

Аталган билим берүү уюмдары менен байланыштар түзүлдү.

Иш-чаранын алкагында Баку шаарындагы маданий-тарыхый жайлар, музейлер, Гейдар Алиев атындагы борбор менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болду.

Иш-чаранын аягында катышуучулар эл аралык үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушту.

Конференцияга Кыргыз Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Туркия мамлекетинен, Азербайжан Республикасынан делегаттар катышты.

Иш-чараны Евразиялык инновациялык илимий изилдөө борбору уюштурду.

 

Токтомаметов Алмазбек, Республикалык институттун директору

kir
kir