loader

(Русский) Чүй областынын Москва районундагы Б.Г.Бажан атындагы

Sorry, this entry is only available in Russian.

Чүй областынын Москва районундагы Б.Г.Бажан атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин базасында 2024-жылдын 21-26-октябрынын аралыгында Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун инновациялык технологиялар борборунун ага окутуучусу Сартова Зыйнаткуль Асаналиевна “Жалпы республикалык тестирлөөнүн тапшырмаларындагы сөздүк -логикалык ой жүгүртүүнү калыптандыруу жана баалоо”программасы боюнча Москва районунун кыргыз тилчи мугалимдери үчүн 72 сааттык курс өтүп жатат. Курстун 6-күнү офлайн, калган күндөрү онлайн формасында өтүлмөкчү. Курска 23 мугалим катышуу менен, өздөрүнө ЖРТ тапшырмаларын иштөө боюнча көп маалымат алуу менен бирге,тапшырмалардын түрлөрүн аткарууда жаңы ыкма,методдорду өздөштүрүп жаткандыктарын билдирип жатышат.Ошондой эле Билим берүүнүн стандарты,предметтик стандарттардан тиешелүү бөлүмдөрүнөн
ЖРТга даярдоо боюнча көп маалыматтарды алышты.Окуу өтө кызыктуу,талкуулар менен өтүүдө.Курсту мугалимдер үчүн өтө керектүү экендигин баса белгилеп жатышат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

kir
kir