loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Бүгүн, 2-октябрда, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда инклюзивдик билим берүү боюнча кезектеги тааныштыруу интерактивдүү лекция болуп өттү. Лекцияны ага окутуучу, олигофренопедагог Абдылдабеков Билимбек Абдылдабекович өткөрдү.

💡 Бул лекциянын максаты – педагогдордун инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө өзгөчө билим алуу муктаждыктары бар окуучулар менен иштөөгө даярдыгын (психологиялык, когнитивдик, баалуулук-мотивациялык, коммуникативдик иш-аракеттик ж.б.) түзүү үчүн шарттарды жаратуу болду. Лекциянын жүрүшүндө педагогдор:

1🎓️Майыптыгы бар адамдардын жашоосун “нормалдаштыруу” принциби жана заманбап дүйнөдөгү майыптыкты түшүнүүнүн ар кандай моделдери менен таанышышты.

2️🎓Инклюзивдик билим берүүнүн негизги аспектилерин: укуктук негиздерин, философиясын, негизги түшүнүктөрүн жана принциптерин үйрөнүштү.

Интерактивдүү формат катышуучуларга активдүү пикир алмашууга жана талкууга терең сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берди!

ru_RURussian