loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Жаӊы инновациялык технологияларды билим берүүдө колдонуу
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте “Алтын туйун” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өлкөнүн педагогдоруна 27-майдан, 7-июньга чейин “Жаӊы инновациялык технологияларды билим берүүдө колдонуу” темасында окуу өткөрүлдү.
XXI-кылым компьютердик технологиялар кылымы жана инновация дагы учур талабы болгондуктан жаңы технологияны иш жүзүнө ашыруу үчүн инновациялык методдордон колдонуу, окутууну оптимизациялоо, чыгармачылык менен иштөө, компьютерден жакшы пайдалануу, бир сөз менен айтканда чебер мугалим үчүн педагаогикалык технологияны жакшы билүүгө тийиш деп эсептөөгө болот. STEM билим берүү- азыркы этапта биздин өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул дүйнөдө маалымат агымынын көбөйүшү жана адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарына жогорку технологиялык инновациялардын киргизилиши менен байланыштуу, педагогдор креативдүү идеяларга багытталган жаӊы инновацияны практикада ишке ашырууга аракеттеништи.

ru_RURussian