loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

2024-жылдын 7-июнунда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын биргелешкен планынын негизинде уюштурулган республикалык форум жогорку деңгээлде болуп өттү.
Аталган форумду КР БИМдин алдыдагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту өзү каржылап, уюштурган.
“Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” аттуу респуликалык форумга мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, региондордон чакырылган кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, коомдук уюмдар ж.б. катышышты.
Форумдун максаты кыргыз тилин мектепке чейинки, мектепте жана жогорку окуу жайларында окутуунун көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулап, практик мугалимдер өздөрүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү мекемелеринин (бала бакча – мектеп – ЖОЖ) ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты өркүндөтүү эле. Форум максатына жетти деп ишенебиз!
Тилибиз – бул дилибиз!