loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Мектептер-2030 глобалдык форуму 2024-жылдын 11-13-июнунда Бишкекте өтүүдө
“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту камсыздоодогу мугалимдердин лидерлиги: планетабыздын туруктуу келечегин куруу үчүн системалык ыкмаларды жана билим берүүнү трансформациялоо” аттуу үчүнчү глобалдык форумга Кыргызстандын мугалимдери, окуучулары, билим берүү адистери менен бирге дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн, Кения, Португалия, Пакистан, Афганистан өлкөлөрүнөн делегаттар катышты.
Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кениянын билим берүү министринин орун басары Салом Майна, Ага Хан Фондунун башкы жетекчиси Майкл Кочер, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал, №70 мектеп-гимназиянын окуучусу Каныкей Анарбаева сөз сүйлөдү.
Форумдун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана климаттын туруктуулугун өнүктүрүү үчүн кандай билимдер, көндүмдөр, көз караштар жана баалуулуктар керектиги, “Мектептер-2030” программасынын мугалимдери климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруктуулук үчүн комплекстүү окутууну кантип колдоп жатышкандыгы, окуу программаларына климаттык билимди кантип киргизүү, жаштар үчүн “жашыл”көндүмдөр жана компетенциялар: жаңы глобалдык концепция маселелери талкууланды.
Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту камсыздоо багытында жигердүү иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын мугалимдери, окуучулары форумга активдүү катышып, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Форумга КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов катышууда.