loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Окуу керемет! USAID долбоору “Сабак АПП”, “Баалоо АПП” сыяктуу электрондук баалуу материалдарын Республикалык институтка өткөрүп берди
“Окуу керемет!” USAID долбоору окурмандык сабаттуулукту жана математикалык сабаттуулукту калыптандыруу багытында иш жүргүзүп, буга чейин 27 миңден ашык башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатып, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте аларга сертификаттарды берген.
“Окуу керемет!” USAID долбоору аяктап жаткандыгына байланыштуу долбоор тарабынан иштелип чыккан материалдарды, тажрыйбаны республиканын билим берүү уюмдарына өткөрүп берүү үчүн 2024-жылдын 10-июнунда республиканын бардык аймактарынан келген катышуучулар үчүн 3 күндүк тренинг Кой-Таш айлындагы Mountain View Resort эс алуу жайында башталды.
Тренингдин биринчи күнүндө “Окуу керемет!” USAID долбоору “СабакАпп” (сабакка байкоо жүргүзүүнүн электрондук формасы), “БаалооАпп” (окурмандык жана математикалык көндүмдөргө жасалуучу калыптандыруучу баалоо, сабакка байкоо жүргүзүүнүн жалпы формасы) сыяктуу электрондук тиркемелерин, кагаз түрүндө басылып чыккан жана электрондук форматтагы модулдарды Республикалык институтка өткөрүп берди. Мындан ары бул электрондук материалдар Республикалык институтта мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү курстарында колдонулмакчы.
Кыргыз Республикасы 2025-жылы эл аралык PISA баалоосуна катышат. PISA баалоосунун негизин функционалдык сабаттуулук түзүп, ал окурмандык, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулуктан турат. Демек, функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу үчүн “Окуу керемет!” USAID долбоорунун тажрыйбасы баа жеткис болуп саналат.
Ошондой эле Республикалык институт менен өлкөбүздөгү мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөткөн билим берүү уюмдарынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлду.