loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

2024-жылдын 22-майында Филологиялык билим берүү кафедрасы тарабынан уюуштурулган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияда А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, И.Арабаев, А.Орозбеков сыяктуу инсандарыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүп негизделишине салым кошуп, кыргыз улутунун гүлдөп, өнүгүшү жана келечек муун үчун өздөрүнүн өмүрүн арнашкандыгы ж.б. тууралуу кеңири мазмундагы докладдар, пикир алышуулар болуп өттү.
О.э.административдик-аймактык бөлүнүшү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин 1924-жылдын 8-декабрындагы токтому менен аймакка жана бучакка (волостко) бөлүнүү кабыл алынган. Төрт аймакчаны түзүү чечими кабыл алынган: Пишпек ― 20 бучак жана борбору Пишпек шаарында: Каракол-Нарын ― 16 бучак жана борбору Каракол шаарында (Пржевальск); Жалал-Абад ― 19 бучак жана борбору Жалал-Абад шаарында; Ош ― 20 болуш (волост) жана борбору Ош шаарында[1] болгондугу жөнүндө да маалыматтар камтылды.

Аймактардан квалификацияны жогорулатуу максатында келген угуучулар иш-чарага жигердүү катышышты.