loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

КР БИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин “Мыкты мугалим билим берүү-усулдук борбору” коомдук фондунун, Россия Федерациясынын колдоосу менен республикадагы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстары үчүн математика боюнча предметтик стандарттын талаптарын окуу китептерди, жаңы кошумча окуу материалдарды колдонуу менен натыйжалуу ишке ашыруунун практикалык ыкмаларын мугалимдерге түшүндүрүү максатында “Кыргыз жана орус тилдеринде окуткан башталгыч класстардын мугалимдери үчүн математика курсунун мазмунунун айрым бөлүмдөрүн окутуунун өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар болуп өттү.

Семинарга “Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү“ кафедрасынын ага окутуучусу Укеева Жаркын Сабырбековна жана Россия Федерациясынан келген баяндамачылар:
1. Дигина Алла Георгиевна, “Просвещение” акционердик коомунун башталгыч билим берүү бөлүмүнүн башчысы
2. Глаголева Юлия Игоревна, педагогика илимдеринин кандидаты, Санк-Петербург дипломдон кийинки педагогикалык билим берүү академиясынын окуу иштери боюнча проректору, Кыргыз Республикасынын предметтик стандарттарынын негизинде адаптацияланган М.И.Моро ж.б. математика боюнча окуу-усулдук комплекстерине карата иштелип чыккан кошумча материалдардын автору
3. Бойкина Марина Викторовна, Санк-Петербург дипломдон кийинки педагогикалык билим берүү академиясынын башталгыч билим берүү кафедрасынын доценти катышышты.

ru_RURussian