loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында 2024-жылдын 29-мартында Пятигорск шаарындагы “Машук” билим берүү борборунда РПККЖжКДИнин директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович “Кыргыз Республикасындагы кесиптик чеберчиликти жогорулатуу” аттуу темада презентация жасады.
Презентацияда Кыргыз Республикасында педагогдордун жана башкаруучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча жасалып жаткан иштер, бул багыттагы жаңылыктар жана процессти санариптештирүү тууралуу сөз болду. Маселен, курстан кийинки методикалык коштоо, айрым мугалимдерди эмес, мектептин бүтүндөй жамаатын окутуу, өз алдынча электрондук портал аркылуу курстан өтүп, сертификат алуу ж.б.
Жолугушуунун алкагында кызматташуу боюнча алдыдагы пландар талкууланды.

ru_RURussian