loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Республиканын педагогдору архитектуралык-дизайнерлик долбоорлоо жана үч өлчөмдүү моделдөө боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы 2024-жылдын 19-февралынан 1-мартына чейин “архитектуралык-дизайнерлик долбоорлоо жана үч өлчөмдүү моделдөө” деген темада республиканын педагогдору квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү.
Курска республика боюнча мектептерден информатика, технология сабактарынын мугалимдери, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынан техникалык ийримдеринин жетекчилери, “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарынын ийрим жетекчилери катышты.
Угуучулар Чуй, Ысык-Көл облусунун райондорунун мектептери жана балдар чыгармачылык борборлорунан, Бишкек шаарынын мектептеринен жана Ысык-Көл облусунун “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынан келип квалификацияларын жогорулатып кетишти.
Курстун алкагында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда: Билим берүү мекемелеринин укуктук-ченемдик документтери; Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы; Цивилизациялык процесстер жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн саясий генезиси. Дин маданиятынын тарыхы; Инклюзивдик билим берүүдөгү мугалимдин орду; Билим берүү системасындагы учурдагы тенденциялар жана багыттар: STEM. STEAM. PISA-25. Компетенттүү мамиленин шартында окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдүн өнүгүүсү; Окуу процесстерин санариптештирүү; деген темада лекциялык-практикалык сабактар окутулду.

ru_RURussian