loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

ӨТКӨӨЛ КУРАКТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ (2-бөлүк)
МУРДА МЫНДАЙ БАЛА ЭМЕС ЭЛЕ КАЙДАН ЧЫКТЫ?!
Баланын физиологиясында (дене түзүлүшүндө) кандай өзгөрүүлөр болот?
Бой узарып, денеде кылдар пайда боло баштайт, денеден көп тер бөлүнүп чыгат, мындан улам чач майланышып, бетте безеткилер пайда болот. Эркектердин үнү жооноруп, үнүндө өзгөрүү пайда болот. Эркек балдар түшүркөп, кыз балдар айыз көрө баштайт. Баланын колу, буту узарат мындан улам түз кетип жаткан жеринен чалынган, буюмду туура кармай албаган, же болбосо, буюмду алып жатканда колу тийип кетип, түшүрүп жиберген учурлар көп байкалат. Себеби, баланын колу буту тездик менен өсүп кеткендиктен мээ аны башкарууга ыңгайлаша элек болот. Өткөөл куракты башынан өткөрүп жаткан балада денесин жакшы башкара албоо кыйынчылыгын байкасаңыз болот. Дене түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана ага көнүгө албоонун натыйжысында пайда болгон ыңгайсыздыктар балада кыжаалатчылыкты, тынчсызданууну пайда кылат. Өзгөчө бетке чыккан безеткилеринен улам бала оңтойсуз абалга түшөт. Бул учурда ата-энелер өспүрүмдөрдүн дене түзүлүшүнө карата сын айтуудан узак болууга тийиш. Боюң өспөй жатат, бетиңе безеткилер чыгып кетиптир, колдоруң узарып, кайда бара жатат, деген сыяктуу сөздөр балада комплексти жаратат. Бул комплекс өмүр бою калып кетиши да мүмкүн.
Бул куракта балада өзүн күнөөкөр сезүү психологиясы күч. Күнөөкөр адамдын эң негзги мүнөзү эмне? Коргонуу болсо керек. Мындай балага «Көзүңдүн үстүндө каш бар» деп сурасаңыз дароо коргонууга өтүп, пикир-келишпестик жаралышы мүмкүн. Өзгөчө эркек балдар аталарынан узакташат. Ата баласынын башын сылоо үчүн кол сунса, башын алып качат. «Кел уулум жаныма отур» десе, жанына жакындашпайт. Мындай учурда ата-эне паникага алдырып, балага жаман көз менен караганы дурус эмес. Бул көрүнүштөр баланын ата-энеге болгон мамилеси суздашканын билдирбейт, өзүнүн жан дүйнөсүндөгү туруксуздуктан келип чыгат. Ата-эне сабырдуулук көрсөтүп, белгилүү бир убактан кийин өз калыбына түшөрүн билиши керек.
Кийинүү стили өзгөрүп, өзүнө жарашыктуу кийимдерди өзү алгысы келет, ата-эне жактырган кийимди же буюмду жактырбайт, кыз балдар бетиндеги безеткилерди жабуу максатында боёкторго кызыгып, колдоно баштайт, эркек балдар чачтарын сулуулап, модага ылайыктуу кийине баштайт. Ушундай өзгөрүүлөр ата-эне үчүн түшүнүксүз, жарашыксыз көрүнгөндүктөн пикир-келишпестиктер чыгат, пикир-келишпестиктер карама-каршылыктарга, карама-каршылыктар уруш-жаңжал, уруш-жаңжалдар узакташууга алып барат. Мындай учурда бала үчүн ата-эненин туура багыты, туура кеңеши, туура түшүнүүсү маанилүү. Ал болбосо, баланын өткөөл курагы ата-эненин баш оорусуна, кайгысына айланат.
Баланын психологиясында кандай өзгөрүүлөр болот?
Өткөөл курак балалык куракты артка таштап, чоңдордун дүйнөсүнө кадам таштоо. Балалык менен чоңдордун дүйнөсүнүн ортосунда кысылып, өзүн жаш бала дейин десе жаш бала эмес, чоң киши дейин десе чоң эмес, өзүн таанууга жана таанытууга, өзүн издөөгө бел байлаган мезгил. Албетте, мунун да өз кыйынчылыктары болбой койбойт. Өткөөл куракка кирген өспүрүм жаңы операциядан чыккан адам сыяктуу. Микроп жуктуруп алуу ыктымалдуулугу ар дайым жогору. Операциядан чыккан адам гигиеналык жактан таза бөлмөгө муктаж болгондой, өспүрүм да таза чөйрөгө муктаж. Ушул куракта балага микроп жугуп калуу ыктымалдуулугу жогору. Себеби, өткөөл курактын эң негизги кыйынчылыктарынын бири сезимдериндеги туруксуздук. Бул куракта балдардын сезимдери толкунданып турат. Өзүн бактылуу сезип, күлүп, үмүтү жанып турган балаңыз бир мүнөттөн кийин үмүтсүздүккө кабылып, капаланып калганына күбө болууңуз толук мүмкүн. Өткөөл куракта балдар үчүн «өрнөк инсан» прототиби маанилүү. Мисалы, балдар бир кино актёрдун, ырчынын, мугалимдин, белгилүү адамдын жүрүм-турумунан таасирлениши толук мүмкүн. Анын жашоосун өзүнө өрнөк алып, ал кийингендей кийинип, ал сүйлөгөндөй сүйлөп, чач жасалгасын да ага окшоштурганга аракет кылат. Ата-энелерди кыжаалат кылган «жаман өрнөк көрсөткөн адам» прототиби. Ошондуктан, ата-энелер баласы өткөөл куракка жеткенге чейин кимдерди үлгү алгандыгына, кандай кинолорду жана сериалдарды көрүп жаткандыгына, кимдер менен мамиле куруп жаткандыгына, соц.тармактарда кимдерди кууп көрүп жаткандыгына маани бериши керек. Жогоруда да айтканыбыздай бул мезгилде бала «микроп» жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.
Өткөөл куракка кирүү менен баланын психологиясында кандай өзгөрүүлөр болот? Бул мезгилде бала сезимдерин аң сезимдүү түрдө башкара албай, жан-дүйнөсүндө толкундоолор болуп турат. Бат капалануу, бат сүйүнүү, бат ачуулануу, кыжырдануу, жактырбоо, үмүтсүздүк, коркуу, сөз көтөрө албоо, сынды туура эмес түшүнүү, кыжаалатчылык, өзүн жактырбоо, өз алдынчалуулукка жана эркиндикке умтулуу, кыялкечтик, сүйүүгө берилүү, жалгыздыкты каалоо, жалкоолук, тез чарчоо, көп уктоо, окууга же ишке болгон кызыгуунун жоктугу, үйдөн узакташып, дос чөйрөсүндө убакыт өткөрүүнү каалоо, өзүнө зыян берүүдөн тайманбоо, тамактан баш тартуу же, ашыкча тамактануу, ата-энеден алыстоо, жалгыздык, «эч ким мен түшүнбөйт» деген сезим, ата-эненин эрежелерин түшүнө албоо, ж.б. басымдуулук кылат. Негативдүү сезимдер басымдуулук кылып, муну чыгаруу үчүн өспүрүм чоңдорго жакпаган кыймыл-аракеттер (терс көз караш, эшикти катуу жабуу, жулкулдатуу, өзүнөн жашка күч көрсөтүү, үйдөн качуу, жер кароо ж.б.) жана сөздөр (бакыруу, каяша айтуу, дароо коргонууга өтүү, сүйлөшүүдөн качуу ж.б.) аркылуу жооп кайтарат.
Өспүрүм балалык кезинен баштап сезимдерин башкарууга үйрөтүлбөсө, бул куракта аны башкарууда кыйналат. Жан-дүйнөсүнүн абалы бат өзгөрүп турат. Бир окуяны эле бүгүн башка, эртең башка түрдө кабыл алышы мүмкүн. Маанайы жайдары болуп туруп, кыска убакытта кайра маанайы түшүп кетет. Балалык кезинен бери сезимдерин башкарууну үйрөтпөгөн ата-эне өспүрүм куракка келип калган баласынын бул мүнөзүнө таң калбай эле койгону дурус.
Өспүрүм куракта балада карама-каршы жыныска карата сүйүү сезимдери козголот. Бул нормалдуу көрүнүш. Cүйүү – бул адамдын эң аруу сезимдеринин бири. Сүйүү болгон учурда камкордук, жардамдашуу, сый-урмат, аярлоо, аяоо, мээрим пайда болот. Сүйүү болбосо үй-бүлө куралбайт. Адамды сүйө албаган Жаратканды сүйө албайт деп айтылат. Бул сезим эрте өспүрүм курактан баштап калыптана баштайт да өткөөл мезгилде күч алат. Көпчүлүк ата-энелер өткөөл курактагы баласынын бул сезимдерин түшүнүүгө жана туура түшүндүрүүгө аракет кылбастан, кандайдыр бир диний түшүнүктөрдөн улам, же болбосо, ата-эненин буга байланыштуу жаштыкта жашаган травмасынан улам паникага алдырып катуу чектөө киргизип, же болбосо, көңүл кош мамиле менен ашыкча эркиндик берип коюшу мүмкүн. Эки учурда тең баланын аң сезими жабыркап, кооптуу иштерге жол ачылып калат. Катуу чектөө же сүйүү сезимин туура түшүндүрбөө, аны жашыруун жашоого, пикир-келишпестиктерге, оңой алданып калууга, ашыкча сезимталдыкка, эң негизгиси үй-бүлө курган учурда жубайын сүйө албоого алып барат. Ашыкча эркиндик берүү да чектен чыгууга, бала менен кыздын ортосунда үй-бүлө оюндарынын башталышына, эрте чоңоюуга, кыз балдардын эрте көз жаруусуна, мындан пайда болгон психологиялык дарттарга, жаман адаттарды калыптандырууга, динибизге, менталитетибизге туура келбген кыз-эркек мамилелерине, сүйүү ишке ашпай калган учурда өз жанын кыюуга чейин алып бара турган кесепеттерге себеп болот. Ошондуктан, орто жолду тутунганыбыз дурус. Ата-энелерге сүйүүгө кабылган өспүрүм курактагы баласын туура түшүнүү, сүйүү сезимин туура түшүндүрүү, ачык сүйлөшүү, туура багыт берүү сунушталат.
Башталгыч класстарда эң мыкты бааларга окуп, мугалимдин ар айтканын орундатып, тапшырмаларды өз убагында аткарып жүргөн бала 7-8-класстардан баштап окууга болгон кызыгуусу жоголду, деген арызданууларды ата-энелерден көп эле жолу угуп жүрөм. Өткөөл куракка кирген баланын дене түзүлүшүндөгү жана психологиясындагы өзгөрүүлөр жана ага үйрөнө албоо кыйынчылыгы балада жалкоолукту пайда кылат. Кабыл алуусу, эске тутуму жайлап, мурункуга салыштырмалуу сабакка болгон кызыгуусу начарлайт, уйкусу көп келет, жумушка болгон каалоосу жоголот, жөндөмү, кызыккан иштери балалык кезинен баштап күчтөндүрүлбөсө, алар да жоголот, максатсыздык, алсыздык, баш оору ж.б. пайда болот. Бул көрүнүш көпчүлүк ата-энелерди кыжаалатка салганы нормалдуу көрүнүш. Бирок, бул мезгилде баланын ички энергия, күчү дене боюнун калыптануусуна жумшалгандыктан, мындай көрүнүшкө көп кыжаалат болууга, мунун айынан балага катуу сөз айтууга, аны менен пикир-келишпестикке барууга, аны мажбурлоого кажет жок. Бул көйгөйдү жөндөмдүүлүгүнө жараша туура багыттоо, туура тамактандыруу, спорттук оюндарга берүү, семинар-тренингдерге, курстарга катыштыруу аркылуу жеңсе болот.
Жаман адаттардын көпчүлүгү (тамеки, клей, спирттик ичимдиктер, наркотикалык заттар, интернетке, телефонго ашыкча берилүү, үйдөн качуу ж.б.) өткөөл куракта адатка айланат. Анткени, жогоруда да көп жолу айтканыбыздай бул куракта бала үй-бүлөдөн таба албаган жылуулукту, сүйүүнү, камкордукту, түшүнүүнү дос чөйрөсүнөн, виртуладык дүйнөдөн издей баштайт. Бала кезинде кимдир бирөөгө көз каранды болуп анын карамагынан чыга албаган болсо, өткөөл куракта өз алдынчалуулукка умтулуп, көз карандылыктан чыкканга күчү жете турган болуп калат. Эгерде жакшы чөйрөгө туш келсе, анда бала үчүн чоң утуш. Бирок, көпүчүлүгү эле жакшы чөйрөгө тушуга бербейт. Табият эч качан боштукту кабыл кылбайт деген принцип бар. Эгерде, баланын тарбиясын жаштайынан ата-эне өзү моюндабаса, жакшы чөйрө атмосферасын түзүп бербесе, бала менен убакыт өткөрбөсө, анын көйгөйүн угуп, жардам бербесе, кези келгенде сезимдерин бөлүшүп, ыйлаганда жөлөк болуп, сүйүнгөндө кошо сүйүнүп, ага колдоо көрсөтпөсө, ийгилигин мактап, ийгиликсиздигин түшүнүү менен кабыл албаса, бала бул муктаждыкты канааттандыруу үчүн сырттан колдоо издейт, өзүн убактылуу сооротконго, үй-бүлөдөн качып, андан алган жаман таасирлерин убактылуу унутканга, сезимдерин бастырганга аракет кылат. Жаман адаттар, виртуалдык дүйнө, соц.баракчалардагы ээн баш контенттер, кино, сериалдар, дос чөйрөсү ата-энеден калган боштукту толтурууга киришет. Натыйжада, мурда жоош-момун бала эле бул да кайдан чыкты, деп баш катырып отуруп калабыз.
Өткөөл курактын негизги кыйынчылыктары менен бирге артыкчылыктары да көп. Бул курактагы балдарга туура багыт, туура жол көрсөтүлгөн эле болсо, дене боюндагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жана жан дүйнөсүндөгү психологиялык өзгөрүүлөрдү жеңил өткөрүп, алдыга талпынат. Өспүрүмдөр кыялкеч, максатына жетүүгө каалоосу бийик, аракетчил, ар тараптуу жөндөмдүү, адилетсиздикке чыдап тура албаган, бар чындыкты бетке айткан, жашоону сүйгөн, күчтүү болушат. Биз ата-энелердин милдети ошол жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү гана болушу керек.
Уландысы бар… 🙂
Т.К. Маматов 29.02.2024

ru_RURussian