loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Бүгүн, 2024-жылдын 21-февралында Ж.Баласагын атындагы КМУнун башкы корпусунда, КР ББИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин окутуучусу, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара болду.
Иш чарада Э.Мамбетакуновдун чыгармачылык менен изденүүсү 655 илимий, окуу методикалык эмгектердин, макалалардын автору. Анын ичинде 16 монография, 19 окуу китеби, 82 окуу-методикалык көрсөтмөлөр бар. “Физика 8” окуу китебин жазган. Мамбетакуновдун илимий изилдөө ишинин дагы бир багыты – Кыргыз Республикасында табият таануу, физика, астрономия боюнча билим берүүнүн мазмунун жаңылоо. Анын жетекчилиги менен “Кыргыз Республикасынын орто билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун концепциялары”, “Табигый билим берүүнүн предметтик стандарты”, “Табият таануу жана физика боюнча 5-11-класстардын программалары” ж.б. окуу китептери жарык көрүп, мектептерде колдонулуп келет. Бул китептер боюнча методикалык көрсөтмөлөр да мугалимдерге сунуш кылынган. ЖОЖдор үчүн “Педагогиканын негиздери”, “Азыркы табият таануунун концепциялары” аттуу китеби жогорку окуу жайларында адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу максатында эмгектенген. Мамбетакуновдун эмгектерине КМШ өлкөлөрүндө да татыктуу баалар берилип, көптөгөн шилтемелер жасалат.
Бүгүнкү салтанаттуу кече концерттик программа менен коштолуп, кинотасманы демонстрациялоо, маараке ээсине куттуктоолор айтылды.

Ошондой эле Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Даткабекович куттуктап, ыраазычылык билдирди.

ru_RURussian