loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Кыргыз Республикасында билим берүүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тогуз-Булак мектебинде өтүүдө
2024-жылдын 19-20-февралында Тоң районунун мугалимдери үчүн Тогуз-Булак мектебинин базасында квалификацияны жогорулатуу курстары өтүүдө.
Семинарда функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, STEM, STEAM предметтерди окутуу, сабак өтүүдөгү практиканын ролу, канткенде мыкты мугалим боло алам, өзүн таануу, натыйжалуу менеджмент жана мектептин иш кагаздары багытындагы тренингдер, талкуулар абдан жандуу өтүүдө.
Квалификацияны жогорулатуу курстарына Тоң районундагы мектеп директорлору, директорлордун орун басарлары, кыргыз тил, математика, музыка мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.
Курстун тренерлери КР ББИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин директору, п.и.к., доцент Токтомаметов Алмазбек Даткабекович, Шергазиев А.Ж., Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Асанакунов Т.А., ТИМББ кафедрасынын доценти Баетов А.К., Информатика, технология жана искусство кафедрасынын башчысы Дуйшеналиева Ж.С. алып барышууда.

ru_RURussian