loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлерлин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун менеджмент кафедрасынын башчысы, ф.и.к, доцент З.Ажыбаеванын жетекчилиги менен Чүй областына караштуу райондордон келген мек теп директорлору менен 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата төгөрөк стол уюштурулуп өткөрүлдү. Төгөрөк столдо дүйнө жүзүндөгү ар улуттун өкүлдөрүнүн эне тилине болгон өзгөчөлүгү, проблемалары белгиленди. Слайд көрсөтүлүп, КРнын гимни жандуу ырдалды.Ар кайсы тилдеги куттуктоолор, маалыматтар айтылып көркөм окуу, обондуу ырлардын аткарылуусу менен коштолду. Институттун директорунун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басары Н.К. Жоошбаев сөз сүйлөп ыраазычылыгын билдирди. Филологилык билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к, доцент Т.Асанакунов, Окуу жана китепкана бөлүмүнүн башчысы Л.С.Шаршембаева, Менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу А.Таласбаевалар майрамдык куттуктоолору менен бирге каалоо-тилектерин айтышты. Акырында мектеп директорлоруна 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттөгү курсун окуп аяктагандыгын тастыктаган ” Билим берүүнүн STEM технологияларын пландаштыруу жана уюштуруу” деген сертификаттар жана китептер тапшырылды.

ru_RURussian