loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин 49 географ мугалимдери 9-10-11-февралда офлайн форматта “Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү коргоо” аталышындагы темада курстан өтүштү.
Курста дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган глобалдык проблемалар каралып, аларды чечүү жолдору боюнча талкуулар менен коштолуп, активдүү жагымдуу маанайда өттү. Туруктуу өнугүүнүн максаттары, аспектилери жана милдеттери боюнча кеңири түшүнүк алышты. Курс географияны окутуунун методикалык, практикалык сабактар менен коштолду. Кадамжай районунун билим берүүнүн методисти жана курска катышкан географ мугалимдери ыраазычылыктарын билдиришти.
Курсту РПККЖжКДИнин Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Султанбек кызы Чынара өттү.

ru_RURussian