loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

2024-жылдын 15-январынан 27-январына чейин К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча “Жогорку окуу жайынын педагогикасы жана психологиясы” аталыштагы курсу өткөрүлдү. Курсту өткөрүүгө институттун төмөнкү кызматкерлери камтылган: п.и.д. проф. Добаев К.Д., ага окутуучулар: Корчубекова М. Ж., Арунова А. А., Амерханова С. А., п.и.д., проф. Кособаева Б. М. 29-январда курстун катышуучуларына агрардык академиянын окуу бөлүмүнүн башчысы Аматов Шарабидин Базарбаевич жана билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн начальниги Садырова Гүлзат Камчыбековна КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КД институтунун сертификаттарын тапшырышты. Курска катышкан 29 угуучулардын арасынан айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор, КР илимдерине эмгек сиңирген ишмер, Россиянын табият таануу академиясынын академиги Чортонбаев Тыргоот Джумадиевич бардык угуучулардын атынан курсту өткөргөн институттун профессордук-окутуучулук курамына эң жогорку теориялык жана методикалык деңгээлде өткөргөн лекциялык, практикалык сабактары үчүн терең ыраазычылыктарын билдирди. Аягы топтук сүрөткө түшүү менен аяктады.

ru_RURussian