loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту

“Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы

Информатика мугалимдери учун Pythonдо программалоо жана маселелердин чечилиши

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “2023-2024-окуу жылына педагогдордун квалификациясын жогорулатуу план-графигин бекитүү жөнүндө” №5056/1 2023-жылдын 13-сентябрындагы буйругуна ылайык Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы 2024-жылдын 22-январынан 2-февралына чейин “Информатика мугалимдери үчүн Pythonдо программалоо жана маселелердин чечилиши” деген темада 72сааттык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлүп жатат.

Сабактын 70%ы практика жүзүндө окутулулат.

Курска республика боюнча мектептерден информатика мугалимдери, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынан техникалык ийримдин жетекчилери катышышууда.

Курсту билим берүүнүн отличниги, “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын информатика жана программалоо ийриминин жетекчиси Комкова Маргарита Александровна окутуп жатат.

Жалпы курста угуучулардын саны 27. Алар: Чуй, Нарын облусунун райондорунан, Бишкек шаарынын мектептеринен жана, Талас облусунун “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынан келип квалификацияларын жогорулатып жатышат.

Курстун алкагында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда:

  • Билим берүү мекемелеринин укуктук-ченемдик документтери;

Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүжана дене-тарбиясы;

Цивилизациялык процесстер жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн саясий генезиси. Дин маданиятынын тарыхы;

Инклюзивдик билим берүүдөгү мугалимдин орду;

Билим беруу системасындагы учурдагы тенденциялар жана багыттар: STEM.STEAM.PISA-25.

Компетенттүү мамиленин шартында окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдүн өнүгүүсү;

Окуу процесстерин санариптештирүү;, деген темада лекциялык-практикалык сабактар окутулду.

Курстун аягында мугалимдерге анкета жүргүзүлүп, тест тапшырып, 60%дан жогору алгандар гана сертификатка ээ боло алышат.

ru_RURussian