loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

№5 А.Молдокулова атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде“Функционалдык сабаттуулук компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо” багытында 72 сааттык курс башталды.

Ишемби күнү мектептин 100 мугалиминин катышуусунда, 4 сааттык окуу жана практикада иштөө камтылып, ПИЗА тесттине даярдануу үчүн, окурмандык сабаттуулукту калыптандыруу, тапшырма аркылуу окуучулардын билим деңгээлин аныктоо максатында жандуу сабак болду. Сабакты РПККЖ жана КДИнин ага окутуучусу Ибраимова Рахат Уметбековна өттү.

Аталган иш-чарага КР БИМдин алдындагы РПККЖ жана КДИнин директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович ошондой эле Инновациялык технологиялар борборунун башчысы Артыкбаева Гульмира Эрматовна катышты.

ru_RURussian