loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

Окуучулардын кышкы каникулу учурунда Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынан Чүй областынын Сокулук районун мектептеринин өтүнүчтөрү боюнча көчмө курстарды өткөрүп жаткандар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Мисалы, п.и.д., профессор Б. Кособаева Төмөнкү-Чүй орто мектебинин мугалимдеринин квалификациясын “Мугалимдердин методикалык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү” , STEM технологиялары темалары боюнча жогорулатууну ишке ашырууда. Көчмө курс аталган мектептин мугалимдеринин кызыгуусун арттырып, мугалимдердин курска активдүү катышуусун камсыздады. Курсту өткөрүгө мектепте бардык шарттар түзүлгөн. Окуу материалдарынын электрондук версияларын, слайддарды көрсөтүүдө, эч кыйынчылык жаралган жок. STEM предметтерин окутууну жакшыртуу, PISA – 2025ке даярдоо боюнча материалдар мугалимдер арасында көп талкууларды жаратты. Курс учурунда мугалимдер Россияда, Белорусияда даярдалган PISA боюнча жана Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Инновацилык колледжинде иштелип чыккан Гендердик сезгич педагогика боюнча методикалык колдонмо менен таанышышты. Курс убагында Б. Кособаева жогоруда аталган мектептин директору П. Д. Малачиеванын өтүнүчү менен окуучулардын олимпиадаларынын кийинки этаптарына катышуучу окуучулар менен кездешүүгө катышты. Кездешүү учурунда олимпиадага катышуунун, маанисин белгилөө менен дүнүйөлүк олимпидалар жөнүндө айтып берди. Олимпиадага катышуучу окуучуларга ийгиликтерди каалады. Төмөнкү сүрөттөр мугалимдер менен өткөрүлүп жаткан сабактарды жана мектептин олимпиалалык командасы менен болгон жолугушууну тастыктайт!

ru_RURussian