loader

2-Март 2023-жылы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун лекциялык залында Бишкек шаарынын №16 мектебининн мугалимдери Качкымбаева Асел Маратовна, Нарматова Айсалкын Адилбековна, Нурболот кызы Наргизанын жана Уланбек кызы Айдананын уюштуруусу менен  10-класстардын окуучуларына «Туу күнүнѳ» карата иш-чара болуп ѳттү. Ушул эле темадагы иш-чара 3-март күнү улантылып, институттун курсуна келген кыргыз тили жана адабияты, технология сабагынын мугалими, орус тили,  биология  мугалимдери жана китепканачылардын арасында да болуп ѳттү. Иш чарада институттун окуу, илимий жана усулдук иштер боюнча орун бюасары Шергазиев Алмазбек Жакшылыковичтин «Туу-элдүүлүктү сактай турган ыйык белги» деген темадагы лекциясы жана Кыргыз тууларынын пайда болушу тууралуу тартылган документалдуу фильм кѳрсѳтүлдү. Иш чаранын аягында Шергазиев А.Ж. окуунун жана коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга жана иш чарага активдүү катышкан угуучуларга  ѳзүнүн символикага  арналган «Гимн-ѳлкѳнүн ыры» деген китебин белекке тартуулады.

Иш-чаралар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин катышуусу менен болуп ѳтүп, угуучулар иш чаранын аягында кызыккан ар кандай суроолоруна жооп ала алышты.

ru_RURussian