loader

6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамынын ээси, 16дан ашуун эмгектердин ээси, анын ичинен бүгүнкү күндө кеңири таралып жаткан “Энелер мектеби” программасынын автору, Лейлек районундагы №3 гимназиянын директору Мадаминов Гапыр Маматкулович менен институтка билимин өркүндөтүүгө келген мугалимдер жолугушуу болуп өттү. Алгач институттун окуу-илимий иштери боюнча директордун орун басары Шергазиев Алмаз Жакшылыкович сөз сүйлөп, институттун угуучулары менен келген конокторду тааныштырып, жолгушууну ачык деп жарыялады. Мадаминов Гапыр Маматкулович өзүнүн автордук эмгектерине кыскача токтолуп кетти: “47 жылдык педагогикалык иш тажрыйбамда 25 жыл педагогикалык эксперимент жүргүздүм, 3 негизги суроого жооп издедим, алар:

1.Эмне үчүн балдар окууга кызыкпайт, кандай көйгөй бар? Бул суроонун жообун издеп “Акыл эмгегимдин маданияты” китебим жаралды.

2. Эмне үчүн ата-энелер балдарынын окуп билим алуусуна кызыкпайт? Бул суроонун жообуна “Энелер мектеби” программасын иштеп чыктым.

3. Эмнеге мугалим убактысын коротуп берген билими балдарга жукпайт?” автор аудиториядагы мугалимдерге кайрылып бул суроонун жообун ар бир мугалим өзүнөн издеп көрүүсү керектигин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө балдар эмне үчүн виртуалдуу жашоого берилип жатат? деген суроо жаралат демек, сабактар балага кызыгууну жараткан жок.  Мугалим бүгүнкү күндө инновациялык технологияларды өздөштүрүү менен классиканы айкалыштырууну сунуштады.

Андан соң мугалимдердин суроолоруна кезек берилип: Вакуум сабакты кантип жоебуз? Автордун китептерин кайдан кантип алсак болот? ПИЗА стандарты биздин өлкөгө туура келеби? Энелер мектебин кантип уюштурсак болот? Мектепке чейинки балдар менен кантип иш алып барсак болот? ж.б. көптөгөн суроолорго өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген мугалимдер жооп алышты. Ошондой эле алар дагы өзүлөрүнүн ой толгоолору менен бөлүшүштү.

Жолугушууну  Гапыр Маматкуловичтин ишин улантуучу шакирти, көптөгөн методикалык колдонмолордун автору Бекташова Замира Асанкуловна “Энелер мектеби” программасы менен кыскача тааныштырып, практикалык көнүгүүлөрдү жасатып мугалимдерге маалымат берди.

Соңунда уникалдуу программанын автору Гапыр Маматкуловичке институттун жетекчилиги тарабынан ыраазычылык сөздөрү айтылып, кыргыздын ак калпагын кийгизип улуу педагогду жылуу узатты.

Институттун жалпы жамаатынын атынан мамлекеттик билим берүү системасына кошкон салымы үчүн, ошондой эле убакыт бөлүп конок болуп кеткени үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз!

ru_RURussian