loader

11 же 12 жыл “Эзелтен чечилбеген улуу талашка… айландыбы?!.

Урматтуу окурман, мектептик билим берүүбүз 11 жыл боюнча калсынбы же 12 жыл болсунбу? Мектепке чейинки даярдыкты (ноловой класс) 1-класс кылып койсок эле маселе чечилип калабы же анын артында мындан башка да бир нерсе барбы?

Алайкууда илгери Аман деген аксакал казак аял алып барган экен. Кийин оту жакшы күйүшпөй, уруша башташат. Тез-тез чыр-чатак болуп, аксакалдарды чакырышып, маселени ортого коюшат. Ошондо бир аксакал: “Аман айтса Амандыкы эп, казак айтса казактыкы эп”, – деген экен. Анын сыңарындай, элдин да башы айланып калды.

Чындап келсе, негизги маселе мында деле эмес.

Анда эмнеде?

Кеп башынан болсун.

Билим берүүдөгү бүгүнкү абал Сизди канааттандырабы?

Бул жерде эки вариант бар: канааттандырат же канааттандырбайт. Эгер канааттандырса, анда эч нерсени өзгөртүүнүн кереги жок, ушинтип эле “жыргап” жашай берели…

Эгер билим берүүдөгү абал канааттандырбаса, анда сунуштарды берүү керек болот.

“Алтын казык” программасы – так мына ушундай сунуш. Ал учурда коомчулук менен конструктивдүү түрдө жандуу талкууланууда.

Сиздин сунуштарыңыз болсо, аны да бериңиз, урматтуу окурман, талкуулайлы.

Жалпы орто билим берүүнү комплекстүү өзгөртүү

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги көздөгөн максаты эмнеде?

Азыр дүйнө ушунчалык тездик менен өзгөрдү, мамлекеттер кантип жашап, кантип өнүгүп жатканын баарыбыз эле алаканга салгандай көрүп-билип турабыз. Бир нече жыл мурда эле жаратылыш байлыгы негизги таяныч болсо, кийинки кезде жаратылыш байлыгына жарды, бирок адам дараметин (потенциалын) көтөрө алган мамлекеттер алдыга чыгып, өнүгүү үстүндө. Ал эми адам дарамети билим берүү, маданият аркылуу бекемделет.

Учурда өнүгүп жаткан, өнүгүүнү каалаган жана билим берүүнүн ролун түшүнгөн мамлекеттер уялбай эле бири-биринен үйрөнүп, биринде барды экинчиси алып, дараметин бекемдөөдө. Бул багытта демократия менен тартипти катар алып жүргөн, керек болсо катуу тартипке басым жасаган Азия алдыга чыкты. Азыр балдардын функционалдык сабаттуулугун, б.а. алган билимин турмушта кырдаал өзгөрүп кеткен да колдоно биле аларын, турмуштук ар кандай кырдаалга карата адекваттуу чечим кабыл ала билерин текшерген эл аралык PISA баалоосунун жыйынтыктарына ылайык, алдыңкы 10дун 8и Азия мамлекеттери. Европадан алдыңкы ондукта Финляндия менен Эстония гана бар.

Демек, биз да өнүгүүнү кааласак, анда билим берүүнү заман талабына ылайык өзгөртүүбүз зарыл же каршы болуп отура беришибиз керекпи?

Эгер өзгөртө турган болсок, эмнеден баштоо абзел?

Ал үчүн ага даярдык, пайдубал болгон эрте жаштан өнүктүрүүнү, мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү зарыл.

Кудайга шүгүр, балдарыбыздын саны өсүүдө. 2000-жылы 96,7 миң бала төрөлсө, 2019-жылы 173,4 миң бала төрөлгөн. Демек, бакчага бара турган балдардын саны 9 жылда 76,7 миңге өсүп жатат. Ошондуктан аракеттер болгонуна карабастан, бала бакчалар менен камсыздоо акыркы кезде араң 26%га чыкты. Бул деген ар бир 100 баланын 26сы бала бакчага барат да, 74ү сыртта калат деген сөз. Бул адилеттикпи? Анан да бала бакчадагы балдардын тамак-ашынын акчасын ата-эне төлөсүн, уктай турган орундарды, пайдалуу аянтчага айланталы, ал акчага сыртта калган 74% “бечаралар” үчүн да шарт түзөлү деген аракетти сындагандар да бар…

Бул программага ылайык, ушул жылы 40% бала бакчага барып калсын деген аракет. Бул деген учурда 220 012 бала (26%) бакчага тартылган, 40%га жеткенде, кошумча 113 миң бала бакчага барып калат деген сөз. Б.а. жалпы 333 миң балага жетет. Жаманбы?!.

Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” (Бишкек, 2015) аттуу китебинде Нобель сыйлыгынын ээси Жеймс Хикман “мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан”. Кийинки изилдөөлөр бул көрсөткүч 20 доллардан 40 долларга чейин барарын белгилешет. Жогоруда аталган китепте адам баласынын нерв клеткалары үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80%га дейре калыптанары белгиленет.

15 жаштагы балдардын компетенттүүлүктөрүн баалаган эл аралык PISA баалоосунда жана башка баалоолордо да бала бакчага баргандар жана апасы билимдүү болгондор дайыма салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөрдү беришет. Кыргызстанда да ошондой болуп келет.

Демек, ушул маалыматтар эле мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүү экенин көрсөтүп турбайбы!

Бүгүнкү заманбап окуучу же бүтүрүүчү кандай болушу керек? Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү стандарттары мыкты бүтүрүүчүнүн эталонуна негизделет. Бул программада кыялдагы окуучунун модели берилүүдө.

Ал аналитикалык ой жүгүртө билген, шартка тез ыңгайлаша алган, креативдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, командада иштей билген, коммуникативдүү, лидерлик сапатка ээ болгон, мекенчил окуучу (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасын Президентине жасаган презентациясынан алынды).

Эч кимге жашыруун эмес, учурдагы бүтүрүүчүлөрдүн бир тобу 11 жыл окугандан кийин кайда барарын, ким болорун, кандай кесипти аркаларын биле албай арсар болуп турганы албетте өкүндүрөт. Миңдеген балдарыбыз дипломду алып коюп, миграцияда кара жумуш кылып жүрөт же базарларда отурат. Базарда отургандардын жарымы жогорку билимдүү. Мына биздин билимге болгон мамилебиз!..

Билимди ата мекендик, эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу, коомго көбүрөөк пайда алып келүү максатында эмес, жалган кадыр-барк үчүн колдонуп, акча коротуп, кереги жок кагазды алып, сандыкка салып койгондон эмне өзгөрдү?

Андай болсо, “куру намыс баш жарат” болбой эле, өсүп-өнүгүп жаткандардан үйрөнбөйлүбү? Азыр билим берүүсү өнүгүп жаткан мамлекеттерге барсаңыз, урматтуу окурман, оңолот элем дегендердин баарын ошол жактардан көрөсүз. Бул туризмдин өзүнчө бир багытына айланды.

Эмне үчүн БУУга мүчө 197 өлкөнүн 150дөн ашыгында (бул сан жыл сайын өсүүдө) 12 жылдык билим берүүгө өттү. Ойсоктогон мода үчүнбү? Андай болсо, эмне үчүн билими өнүгүп, анын негизинде өлкөсү да өнүккөндөр ошолордун ичинде?!.

Мына окурман, эмне үчүн 12 жылдык билим берүү сунушталып жатат!

12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул дүйнөлүк билим берүү системасына аралашуу, ага ыңгайлашуу.

12 жылдыкка өткөн окууда кандай болот? Мында жылы эле эмес, биринчи кезекте анда балдар окуй турган билим берүүнүн мазмуну маанилүү, мына ошол өзгөрүшү шарт.

Ал жаңы билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-усулдук комплекстер (электрондук да) жана түрдүү кошумча материалдар, тиркемелер.

Андай кылбай, жөн гана 12 жылга өтүп коюудан эмне пайда?!.

“Алтын казык” программасына ылайык, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү дагы бир өзгөчөлүк – окуу жүктөмдөрүн азайтып, анын эсебинен мектепте кошумча кесиптик билим алууга шарт түзүү. Өнүккөн өлкөлөрдө да, кошуна мамлекеттерде да биздикиндей көп окуу жүктөмү жок. Бизде жылдык окуу жүктөмү 1030 саатка чейин жетет, бирок сапат боюнча арттабыз. Өнүккөн мамлекеттерде 750-800 сааттын тегерегинде.

Мындай кошумча кесиптик билимди бала мектеп партасынан да, жакын жайгашкан кесиптик лицейден да алалат.

Дүйнө азыр өзгөчө көңүл бурган, чындыгында да экономиканы өнүктүрүүнүн механизми – бул STEM предметтер. Дүйнөдө булар англис тилинде окутулат.

Мына ушунун баарын ишке ашыра турган мугалим. Чындыгында кандай гана өзгөрүүлөр, жаңылыктар болбосун, ал окуучуларга алар менен түздөн түз иштеген мугалим аркылуу гана өтөт. Эгерде мугалимдин деңгээли начар болсо, анда эч кандай билим берүүнү өзгөртүү ишке ашпайт.

Бүгүнкү күндө мыкты билим берүү системасына жетишкен Түштүк Кореяда башталгыч класстардын мугалими болуш үчүн жалпы республикалык тест алууда алдыңкы 5 пайызга киргендер гана документтерин тапшыра алышат. Ал эми Финляндияда алдыңкы 10 %га, Сингапур менен Гонконгдо алдыңкы 30 %га киргендер мугалим боло алышат.

Мугалимдерди даярдап жаткан жогорку жана атайын окуу жайларга талапты күчөтүп, чыгарган адистери кийин мектепте жакшы иштей албаса, начар натыйжаларды көрсөтсө, аларга жазалоо чараларын (бюджеттик орундарды азайтуу, рейтингин аныктоодо муну эске алуу, маалымат каражаттарына жарыялоо ж.б.) колдонуу практикасы Англияда, АКШда да бар, ал жакта мындай окуу жайларга бөлүнүүчү гранттар, субсидиялар кыскарат.

Демек, программанын өзөктүк багыттарынын бири – мыкты мугалимди даярдоо жана анын дараметин арттыруу.

Урматтуу окурман, албетте, алдыда иштер арбын жана толгон токой кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болот. Эгер жалпы баарыбыз Крыловдун тамсилиндеги ак куу, чортон, рактай болбой, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак” мындай изги идеяны ишке ашыруу жеңил болмок, ошондо “ырыс алды ынтымакка” жетишмекпиз. Анткени бул иш биздин балдарыбыз, небере-чеберелерибиз, урпагыбыз, Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн жасалууда!

 

Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору.

ru_RURussian