loader

27-февралда 2024-жылы төмөнкү КМУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасы, 2024-жылдын 21-февралында магистранттар жана студенттер үчүн «Кыргыз тилин жана адабиятын компетенттүүлүктөргө негиздеп окутуунун технологиялары» аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү.
Конок лекцияда көрүнүктүү педагог, УИАнын академиги, Эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев «Улуттук нарк жана «Манас» эпосун өздөштүрүүнүн маселелери» жана Билим берүү жана илим министрлигини астындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасынын профессору, улуттук тренер, КР Эмгек сиӊирген мугалими Кенжеке Эсеналиева «Модерназицияланган ченемдик-укуктук документтер» деген темада лекция окуду.
Лекцияларда кыргыз тили менен кыргыз адабиятын улуттук баалуулуктар менен компетенттүүлүктөргө негиздеп окутуунун мааниси жана ролу, келечектүүлүгү тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар берилди. Лекциялар жандуу жана эмоционалдуу болуп, бир катар суроолорго жооптор берилди.
КГНУнун ректорунун атынан ыраазычылык каттар тапшырылды
Магистранттар зарыл жана керектүү маалыматтарды алышкандыктарын тереӊ канааттануу менен белгилешти. Магистранттарга сертификаттар тапшырылды.
https://koom.press/news/62468
https://www.knu.kg/ky/archives/8692

ru_RURussian