loader

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Ушул күндөрү Нарын областынын Жумгал районунун кыргыз тилчи мугалимдери үчүн райондун борбору Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин базасында “Мектеп окуучуларын ЖРТге даярдоо” боюнча көчмө курсуна 39 мугалим катышууда.
Бул курстун өтүлүшүн мугалимдер ЖРТ башталгандан берки биринчи жолу өтүлүп жаткандыгын баса белгилөө менен , өздөрүнө усулдук чоң жардам берип, ЖРТ тапшырмаларын аткаруунун жолдору боюнча окутуучу Сартова Зыйнаткүл Асаналиевнанын усулдук чеберчилигине баа беришүүдө. Сабактар теория менен практиканы айкалыштыруу менен өтүлүп, ар бир тесттик тапшырмалар кызуу талкууну жаратып жаткандыгы аркылуу кызыгууну тартуулоодо. Райондун калган кыргыз тилчилери үчүн да бул курс өтө керек экендигин райондук БББ
башкы адиси Садыр уулу Рустам да белгилеп өттү. Катышуучулар бул багытта жүргүзүп жаткан иштерин бул курстан алган көп жаңычылдык ийгиликтерге өбөлгө болоорун белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

ru_RURussian