loader

2024-жылдын 3-январынан 16-январына чейин Эл аралык Кувейт университетинин алдындагы колледждин окутуучулары үчүн сураныч каттын негизинде “Окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүктөрүн өркүндөтүү” аталышындагы квалификацияны жогорулатуу үчүн көчмө курсу уюштурулуп, өтүлүп жатат. Квалификацияны жогорулатуу курсун КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖ жана КДИнин окутуучулары ар кандай учурдун актуалдуу темалары боюнча интерактивдүү методдор менен кызыктуу сабактарды өтүштү. Ошондой эле Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Кекеева Чыныгуль Оконовна “STEM предметтерди окутууда табигый-илимий сабаттуулукту калыптандыруунун ыкмалары” деген темадагы сабак өттү. Бул сабакка аталган окуу жайдын ректору п.и.д. – А..Э.Байсеркеев өзү катышып, ой-пикирлерин айтып, ыраазычылык билдирди.

ru_RURussian